КР курама командасы "Алай" менен беттешүү үчүн Ошко учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМашыгып жаткан футболчулар. Архив
Машыгып жаткан футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Ирандын курамасы менен боло турчу жолдоштук беттеш алдында өлкөнүн чемпиону менен ойнойт.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. КР курама командасы бейшемби күнү Ошко учуп келди. Ал жактан өлкөнүн чемпиону Алай менен оюн өткөрө турганын КР Футбол федерациясы билдирди.

Беттеш бүгүн саат 18.00дө Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт. 

Курама командага 30-майда Антон Землянухин, Виталий Люкс жана Ахлидин Исраилов келип кошулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0