03:30 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. АрхивИрандын курама командасы

КРдин футболчулары Азиянын мыкты командасы менен күч сынашат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков © AFP / BEHROUZ MEHRI
1 / 2
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
101 0 0

Ирандын командасы ФИФА рейтингинде 42-орунду ээлеп турат. Бул азиялык командалардын ичинен эң жакшы көрсөткүч болуп саналат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия футболунун лидери ирандык команда менен жолдоштук беттешүү өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Буга чейин ар кандай себептер менен кыргызстандык команданын Өзбекстан жана Ливан менен боло турган оюну ишке ашпай калган.

"Ливан менен Өзбекстандын оюндан баш тартканына карабай Футбол федерациясы Азиянын алдыңкы ассоциациялары менен сүйлөшүүлөрдү улантып келген. Натыйжада 7-июнда улуттук команда ирандыктар менен беттешмей болду. Оюн Тегеран шаарында өтөт. Биздин футболчулар үчүн бул олуттуу кадам болмокчу. Азиянын мыкты командасы менен ойноо менен жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатабыз", — деп айтышты федерациядан. 

Ирандын курама командасы ФИФАнын тизмесинде 42-орунду ээлейт. Бул Азия мамлекеттеринин арасында эң мыкты көрсөткүч болуп саналат.

Тема боюнча

Футбол федерациясы менен UNICEF балдарга багытталган меморандумга кол коет
Аргентиналык футболчу оюн талаасында жан таслим болду

ЭҢ МААНИЛҮҮ