"Футбол сулуусу-2016" сынагынын финалына үч кыз чыкты

Жазылуу
Акыркы турда жеңишке жетүү үчүн конкурсанттар 30 секунддан турган "Мен эмне үчүн футболду жакшы көрөм?" деген темада видео тартуусу зарыл.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Футбол сулуусу-2016" сынагынын финалына үч кыз чыкты. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдирди. 

Сынак үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде башталган. Ага ылайык, бардык каалоочулар сүрөтүн федерациянын электрондук дарегине жөнөтүүсү керек эле. 

© пресс-служба ФФКР"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Камилла Бабаджанова
1/3
"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Камилла Бабаджанова
© пресс-служба ФФКР"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Элеонора Солтобаева
2/3
"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Элеонора Солтобаева
© Фото / пресс-служба ФФКР"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Карина Уразова
Футбол сулуусу-2016 сынагынын катышуучусу Карина Уразова - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Карина Уразова
1/3
"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Камилла Бабаджанова
2/3
"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Элеонора Солтобаева
3/3
"Футбол сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Карина Уразова

Конкурска жалпысынан 35 сүрөт келип түшкөн. Алардын тогузу жарым финалга тандалып, федерациянын сайтына жайгаштырылган. 

"Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагындагы сүртүмдөр
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен финалга 1220 упай менен Элеонора Солтобаева, 1146 упай менен Камила Бабаджанова жана 951 упай менен Карина Уразова өттү.

Акыркы турда жеңишке жетүү үчүн конкурсанттар 30 секунддан турган "Мен эмне үчүн футболду жакшы көрөм?" деген темада видео тартып, press@ffkr.kg дарегине жөнөтүүсү керек. 

Калыстар футбол сулуусун 30-майда аныктайт. 

Жеңүүчү аталган селки Кыргызстандын футбол боюнча курама тобун бардык эл аралык иш-чараларда коштоп жүрөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0