Футбол федерациясы "Нарындан чыккан Роналдиньону" издөөдө

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол ойноп жаткан балдар. Архив
Футбол ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта топту чеберчилик менен ойноп жаткан тестиер баланын видеосу көп кызыгуу жаратты. Интернет колдонуучулар балага "Нарындык Роналдиньо" деген ысым ыйгарышты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясы өзүнүн Facebook баракчасына топту чеберчилик менен ойногон баланын видеосун жарыялады. Болжол менен ал бала Нарын облусунун тургуну.

Эске сала кетсек, социалдык тармакта топту чеберчилик менен ойноп жаткан тестиер баланын видеосу көп кызыгуу жараткан. Интернет колдонуучулар балага "Нарындык Роналдиньо" деген ысым ыйгарышты.

Футбол федерациясы интернет колдонуучулардан тасмадагы баланы табууга жардам сурап кайрылды. Айрымдар бул тасма 2009-жылы тартылганын айтышууда.

Роналдиньо — легендарлуу бразилиялык футболчу. Ал атактуу "Барса", "ПСЖ" жана "Милан" футболдук клубдарында ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0