Марафондун жеңүүчүлөрүнүн бардыгы кыргызстандыктар болуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык Run The Silk Road марафонунун катышуучулары.
Эл аралык Run The Silk Road марафонунун катышуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын өткөрүлчү марафонго 1800 спортчу катышты. Алардын арасында башка өлкөлөрдөн келгендер дагы бар.

ЧОЛПОН-АТА, 14-май — Sputnik. Жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык Run The Silk Road марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык Run The Silk Road марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды
1/4
Жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык Run The Silk Road марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды
© Sputnik / Табылды КадырбековЧуркоого 1800 марафончу катышты. Кыргызстанда өткөн иш-чарага Япония, Казакстан, Англия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары келишкен
2/4
Чуркоого 1800 марафончу катышты. Кыргызстанда өткөн иш-чарага Япония, Казакстан, Англия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары келишкен
© Sputnik / Табылды КадырбековМарафонду өткөрүү үчүн 20 чакырым аралыктагы Чолпон-Ата — Корумду трассасы жабылган
3/4
Марафонду өткөрүү үчүн 20 чакырым аралыктагы Чолпон-Ата — Корумду трассасы жабылган
© Sputnik / Табылды КадырбековИш-чара олимпиада оюндарында байгелүү орунга ээ болгон кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналат.
4/4
Иш-чара олимпиада оюндарында байгелүү орунга ээ болгон кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналат.
1/4
Жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык Run The Silk Road марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды
2/4
Чуркоого 1800 марафончу катышты. Кыргызстанда өткөн иш-чарага Япония, Казакстан, Англия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары келишкен
3/4
Марафонду өткөрүү үчүн 20 чакырым аралыктагы Чолпон-Ата — Корумду трассасы жабылган
4/4
Иш-чара олимпиада оюндарында байгелүү орунга ээ болгон кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналат.

Чуркоого 1800 марафончу катышты. Кыргызстанда өткөн иш-чарага Япония, Казакстан, Англия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары келишкен. Марафонду өткөрүү үчүн 20 чакырым аралыктагы Чолпон-Ата — Корумду трассасы жабылган. Спортчулар А пунктунан В пунктуна чейин чуркап кайра артка кайтышты. 

Марафондун жеңүүчүсү болуп кыргызстандык Аман Момуналиев таанылды (42 чакырым 195 метр аралыкка чуркаган). Ал былтыр өткөн таймашта дагы биринчи болуп марага жеткен. Ал эми аялдар арасында мыкты көрсөткүчтү Маргарита Трифонова көрсөттү. Ал былтыр мыкты спортчулардын алдыңкы үч сабына кирген. 

Чолпон-Атадагы марафончуларга жарым тонна палоо даярдалды
Беш чакырым аралыкка чуркоодо жеңишти Эржан Насырбеков илип кетти. 10 чакырымга чуркоо боюнча эркектер арасында Жоодат Көчкөнбаев биринчи келсе, аялдар арасында Жайнагүл Дегенбаева жеңишке жетишти. 

Марафондун мыкты катышуучулары катары Адилет Кыштакбеков менен Алина Меремьянина таанылды (21 чакырым 97,5 метр). Жеңүүчүлөрдүн бардыгы кыргызстандыктар болуп чыкты. 

Биринчи орун үчүн марафончулар миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушту. 

Эл аралык "Run The Silk Road" марафону быйыл бешинчи ирет өтүүдө. Иш-чара олимпиада оюндарында байгелүү орунга ээ болгон кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0