Тай боксчу Шахриза: мурдумду далай сындырышты, мен да эч кимди аяган жокмун

© Sputnik / Жоомарт Ураимов24 жаштагы тай боксчу Шахриза Халилова
24 жаштагы тай боксчу Шахриза Халилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шахриза Халилова – узун чачтуу, айчырайлуу айым. Анын жагымдуу жылмаюусунда күчтүү жана олуттуу бир нерсе бардай сезилет. Бул кызды ар бир эле адам тай бокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону деп ойлобосо керек.

24 жаштагы боксчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жүрөгү Кыргызстан деп согорун, спорттук карьерасындагы жеңиштери жана таң калуулары жөнүндө ой бөлүштү.

— Сизди социалдык тармактардан издеп таба албадым. Телефон аркылуу байланышуу да оңойго турбады. Убактыңыз ушунча тарбы?

— Чынын айтсам убактым чектелүү. Мен тартиби катаал үй-бүлөдө өсүп-чоңойдум. Убагы менен залда машыгып, кайра иштегенге, анан да кыз болгондон кийин үйгө барып кол кабыш кылганга жетишишим керек. Ал эми социалдык желелерге катталып, түрдүү сүрөттөрдү киргизип, убакыт коротуу мен үчүн эмес.

— Спорт дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз?

— Мени бала кезимден тайманбастыкка, эр жүрөктүккө, дайыма алдыга умтулууга тарбиялашкан. Өзүм да эркек мүнөзмүн. Негизи төрт жашыман баштап бийлейм. 12 жашыман тарта каратеге бара баштадым. Бирок карате анча жакпай калып, тай бокс менен машыгууну уланттым. Машыктыруучум Александр Воинов мени көп нерсеге үйрөттү. Спорт менен бирге КУУнун юридикалык колледжине тапшырып, кийин ИИМ Академиясына которулгам. Жогорку билимдүүмүн. Азырынча кесибим боюнча иштей элекмин. Учурда борбордогу спорт клубдарынын биринде машыктыруучу болуп иштейм.

© Sputnik / Жоомарт УраимовТай боксу боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Шахриза Халилова
Интервью с тайбоксером Шахризой Халиловой - Sputnik Кыргызстан
Тай боксу боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Шахриза Халилова

— 12 жашта спортко аралашуу кеч эмеспи? 

— Мүмкүн эрте же кечтир. Балким эрте аралашканда чоң ийгиликтерди эртерээк жаратмакмын. Бирок бокс бул — жаракатты көп алган спорттун түрү. Бала кезимде аралашып, оор жаракаттарды алсам, кийин такыр спортко жарабай калат белем балким. Бул нерсенин баары Кудайдын буйругу деп ойлойм.

— Ата-эне, туугандарыңыз бул кадамыңызды кандай кабыл алды?

— Алар азыр деле каршы. Бир убактарда айрым туугандарым бокс менен машыгып жатасың деп алыстап кеткен күндөрү болгон. Ата-энем колдойт. Бирок 24кө чыктың, турмушка чыгышың керек деп кулак кагыш кылып калышат.

— Жыл жаңырганда беттешке чыгып, дароо эки медаль тагынып, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталдыңыз. Жеңишке жетүү оңой болбосо керек?

Валентина Шевченко атактуу UFC видео оюнунун каарманы болду
— Ал чемпиондукка Кыргызстандын атынан жалгыз бардым. Бул тууралуу машыктыруучум Александр Воинов да билген жок. Жеңишимди белек кылайын деп атайын айтпай койдум. Албетте мындай учурда сөзсүз анын кеп-кеңеши керек эле. Чет жерде жүргөндө мекендештерге мени менен түшкөн сурөттөрдү социалдык желелерге киргизбөөсүн өтүндүм. Финансылык жактан кыйынчылыктар жаралбай койгон жок. Болгон чыгымды өзүм көтөрдүм. Жакындарым жардам беришти. 

Биздин дене түзүлүшүбүз азиат тибинде болгондуктан башкаларга салыштырмалуу бой, салмак жагынан кичирээк келебиз. Беттеште биринчи болуп россиялык мушкер менен чыктым. Карасам анын жарымынан келет экенмин. Кийинкиси бразилиялык айым да бир топ эле олбурлуу, кийинкилери да сөөк-саактуу экен. Ошого карабастан жеңдим. Мен эркек балдар менен машыгам, ошонун пайдасы тийди көрүнөт.

— Эркек балдар адатта кыз деп аяп турса керек?

— Мен жалаң эркек балдар менен машыгам. Бизде бирин-бири аёо деген түшүнүк жашабайт. Жеңиштин сыры дал ушунда. Сен атаандашыңды аяп отурсаң кайдагы жеңиш! Кээде машыгып жатып балдар мурдумду канжалата чапканда, ыза боло түшөм. Анан кайра эле алар мага чыдамкай болууну үйрөтүп жатканын түшүнөм.

— Байкашымча сиз жеңүүчү болоруңузду башында эле билген окшойсуз?

— Мен өзүмө терең ишенгем. Бул жаңылык бардыгы үчүн күтүүсүз болду. Өзгөчө машыктыруучум Воинов үчүн.

© Sputnik / Жоомарт УраимовШахриза Халилова — Мурдум чоң болгондуктан, бир нече жолу сындырышты (күлүп)
Интервью с тайбоксером Шахризой Халиловой - Sputnik Кыргызстан
Шахриза Халилова — Мурдум чоң болгондуктан, бир нече жолу сындырышты (күлүп)

— Беттеште кыздар төшүн коргойм деп жатып, бетке көп жеп калышат экен. Сизде да жарааттар барбы?

— Туура. Мындай беттештерге чыкканда өзгөчө аялуу жерлериңе коргоочу жабдууларды тагышат. Ал эми профессионалдуу беттеште коргоочусу жок чыгарышат, тагууга тыюу салынган. 

Мен көп жаракаттарды алдым. Кесипкөйлүгүң канчалык жогорулаган сайын, ошончолук олуттуу жаракаттарды ала баштайсын. Мурдум чоң болгондуктан, бир нече жолу сындырышты (күлүп). Ал эми денемдеги жаракаттарды айтпай эле коёюн, бул тууралуу атаандаштарымдын билишин каалабайм. Ошол себептен мушташкан видеолорумду интернетке жүктөбөйм. Атаандаштар үчүн сыр болушу керек.

— Башка кыз менен мушташаар алдында эмне жөнүндө ойлойсуз?

Кыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова - Sputnik Кыргызстан
Айжан Асемова: энесинин эркелери менен көпкөн мырзалар мени кызыктырбайт
— Мурун чындыгында коркуп, өзүмдү жогото берчүмүн. Азыр өзүмдү психологиялык жактан "мен рингдемин" деп жөнгө салам. Эгер сен рингде болсоң, жеңиш да сеники. Бул позицияны алдырып жиберсең, жеңилдим деп эсептей бер.

— Виталий Кличконун "Бокс айымдар үчүн эмес" деп айтканы эсиме түштү. Сиздин жообуңуз кандай?

— Боксту айымдардыкы же мырзалардыкы деп бөлүүнү эмгекти сыйлабагандык катары түшүнөм. Биз эркектерге салыштырмалуу табияттан алсыз келгендиктен, спортто эки эсе күч жумшоого туура келет. Мырзаларга караганда айымдар күчтүү чыгып, ийгилик багындырган учурлар жок эмес. Алсак Лейла Али эркектерге караганда алдаганча жакшы боксташат.

— Жашоодо ар кандай жагдайлардан улам бокс менен кош айтышкыңыз келген учурлар болду беле?

— Мен Дүйнө Чемпиону аталганда белиме кур тагылып, Кыргызстандын желеги, гимни ырдалгандагы сезимдерди, кубанычтын көз жашын азыр сөз менен жеткирүү кыйын. Ал эми Кыргызтанга келгенде айрымдардын кылган мамилесинен, жагымсыз сөздөрдөн, иренжий түштүм. Кыргызстанда менин Дүйнө чемпиону болгонумду эч ким деле билбейт. Учурда өлкөдөн стипендия да, лицензия да алган жокмун. 

Мага башка өлкөнүн атынан чыгып берүүгө сунуштар түшкөнүнө карабай, баш тартып келем. Анткени менде Кыргызстанга болгон патриоттук сезим күчтүү.

© Sputnik / Жоомарт УраимовШахриза Халилова — Мага башка өлкөнүн атынан чыгып берүүгө сунуштар түшкөнүнө карабай, баш тартып келем. Анткени менде Кыргызстанга болгон патриоттук сезим күчтүү.
Интервью с тайбоксером Шахризой Халиловой - Sputnik Кыргызстан
Шахриза Халилова — Мага башка өлкөнүн атынан чыгып берүүгө сунуштар түшкөнүнө карабай, баш тартып келем. Анткени менде Кыргызстанга болгон патриоттук сезим күчтүү.

— Дагы канча убакыт спортто болосуз?

— Эми бокстун башка багыттары боюнча жеңиштерди багынтышым керек. Спортто канча убакыт болорум келечектеги жолдошума да байланыштуу. Эгер ал да мушкер болсо, үй-бүлө менен спорттук карьерамды чогуу алып кетсем дейм. Андан кийин өз кесибим боюнча ИИМ тармагында иштөө планымда бар.

— Кандай балдар жагат?

— Эң башкысы адамгерчиликтүү болсо болду. Бир чети спортчу балдар жакпай кетет. Алар адатта өзүн сүйгөн жандар. Мага мени сүйгөн адам керек. Эгер кийин күйөөм мени тынчтандырам деп стол үстүн бир койсо, мен аны бир чабамбы деп корком. Ошол себептен мени сыйлаган жана түшүнгөн адам керек деп ойлойм. 

— Кийин сиздин кызыңыз "Апа, мен да боксчу болгум келет" десе сиз эмне дейсиз?

— Жок. Мен жол бербейм. Бокс — айымдар үчүн оор жана кыйын жол. Эгер уулум ушундай пикирин билдирсе сөзсүз колдоо көрсөтүп, өзүм машыктырам.

— Кийинки атаандашыңыз ким жана алдыдагы беттеш качан болот?

— Азырынча атаандашым белгисиз. Мага айырмасы жок. Өз ишимди мыкты билүү маанилүү. Ал эми кезектеги беттеш күзүндө Кореяда Азия Чемпиондугунда өткөрүлөт. Ал жактан кийинки ири беттешке жолдомо берилет. Буюрса, ошол жакка даярданып жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0