Кыргызстандын футбол курама командасын алдыда үч оюн күтүп турат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол курама командасы оюн алдында. Архив
Кыргызстандын футбол курама командасы оюн алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жолдоштук матч өзбек футболчулар менен өтөт.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол курама командасы Өзбекстан, Казакстан жана Филиппин өлкөлөрүнүн футболчулары менен жолдоштук оюн өткөрүшөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

FIFA президенти кыргыз футболун колдоого убада берди
Үч оюндун экөөсүн Бишкекте, бирөөсүн Ташкентте өткөрүү пландалып жатат. 

Биринчи беттеш 2-июнда Өзбекстан командасы менен Ташкентте, экинчи оюн 30-августта казактар менен Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жана үчүнчү оюн 7-сентябрда ошол эле жерде Филиппин футболчулары менен болот. 

Жыл ичинде жалпы жети жолдоштук беттеш өткөрүү пландалууда. Алардын төртөөсү Бишкекте, үчөөсү башка өлкөлөрдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0