Балбан Жанарбек Кенжеев допингден улам Олимпиада жолдомосунан ажырады

© AFP / MENAHEM KAHANAГрек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Допинг каражаттары украиналык балбандардын да канынан табылган. Ал эми Олимпиадалык оюндар быйыл августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев допингден улам Олимпиадага катышууга жол берген лицензиядан ажыратылды. Бул тууралуу Күрөштүн бириккен уюмунун расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кенжеевден тышкары допинг украиналык Алан Звеев жана Юсуп Жалиловдордун канынан да табылып, алардын да жолдомосу чакыртылып алынды.

Кыргызстандык балбан жолдомого Казакстандын Астана шаарында өткөн лицензиялык турнирде ээ болгон. Эми анын лицензиясы ошол мелдеште коло байге алган индиялык спортчу Равиндера Кхатриге ыйгарылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0