Кыргызстан Олимпиадага катышуу үчүн кезектеги жолдомого ээ болду

© REUTERS / Sergio MoraesБразилиядары олимпиада оюндарынын символдору. Архив
Бразилиядары олимпиада оюндарынын символдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык лицензиялык марафонго эки кыргызстандык спортчу катышты. Анын бирөөсү нормативди тапшыра албай калды.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Виктория Полюдина 2016-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алганын Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.

Кыргызстандык балбан Руслан Царев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан Руслан Царев Риодогу олимпиадага жолдомо алды
Анын айтымында, 8-май күнү Чехиянын борбору Прага шаарында эл аралык лицензиялык марафон өттү (42 чакырым 195 метр). Мелдешке Виктория Полюдина менен Илья Тяпкин катышты.

Лицензияга ээ болуу үчүн Полюдина аралыкты 2 саат 45 мүнөттө чуркап өтүшү керек болчу. Ал марага тогузунчу болуп 2 саат 40 мүнөт 36 секундда келген. 

Ал эми Тяпкин жолдомо үчүн марафонду 2 саат 19 мүнөттө келиши керек болчу. Бирок ал марага 11 спортчунун артынан келип, өз убагына 19 секунд жетпей калды.

"Биз Олимпиада комитетине кайрылабыз. Оюндарга катышууга уруксат береби-жокпу, билбейм. Бирок федерациянын атынан кат жолдонот", — деди Щербаков.

Бул Кыргызстан үчүн Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына 12-жолдомо болуп эсептелинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0