Улуу Жеңиш майрамына карата уюштурулган көк бөрү турнирин "Сары-Өзөн" командасы утту

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү беттеши учурунда. Архив
Көк бөрү беттеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык оюн Бишкек шаарындагы "Ак кула" ат майданында өттү.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин урматына уюштурулган көк бөрү турнирин "Сары-Өзөн" командасы утуп алды. 

Финалдык оюн борбордогу "Ак кула" ат майданында өтүп, анда "Сары-Өзөн" командасы менен "Достук" биринчиликке ат салышты. Оюн 3:1 эсебинде чүйлүктөрдүн пайдасына аяктап, "Сары-Өзөн" командасы мыкты аталды.

Бишкектеги 20 миң киши катышкан "Өлбөс полктун" жүрүшү
Үчүнчү орунду "Талас" командасы ээледи. Ал "Кең Таласты" 5:0 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, турнирдин жарым финалдык оюндары 7-май күнү "Ак кула" ат майданында өтүп, анда "Сары-Өзөн" командасы "Кең Таласты" 10:2 эсебинде утуп алса, "Талас" командасы 2:4 эсебинде "Достуктан" жеңилүү ызасын тарткан.

Мелдеш Жеңиш күнүнүн урматына уюштурулуп, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0