Көк бөрү: "Сары-Өзөн" менен "Достук" командалары финалга чыгышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Достук" командасынын мүчөсү. Архив
Достук командасынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык оюн 9-май күнү "Ак кула" ат майданында болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Көк бөрү турниринин финалына "Сары-Өзөн" менен "Достук" командалары чыгышты.

Таластыктар ордо боюнча Кыргызстандын чемпиону болушту
Жарым финалдык оюндар бүгүн, 7-майда "Ак кула" ат майданында өтүп, анда "Сары-Өзөн" командасы "Кең Таласты" 10:2 эсебинде утуп алса, "Талас" командасы 2:4 эсебинде "Достуктан" жеңилүү ызасын тартты.

Мелдеш Жеңиш күнүнүн урматына уюштурулуп, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналмакчы.

Финалдык оюн 9-май күнү "Ак кула" ат майданында болот. Үчүнчү орун үчүн "Кең Талас" менен "Талас" командалары беттешет. 

Мыкты оюнчулар 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат салыша турган улуттук курама команданын катарына кабыл алынат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0