Кыргызстандык штангисттер Риодогу жайкы олимпиадага жолдомо алышты

Жазылуу
Эми оор атлетика федерациясы Бразилиядагы жайкы олимпиадага кимдин баруусу керектигин чечүүсү зарыл.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын оор атлетика боюнча федерациясы 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү жайкы олимпиадага бир лицензия утуп алды. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттигинин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, ишемби күнү Ташкент шаарында оор атлетика боюнча Азиянын лицензиялык чемпионаты аяктады.

"Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы эң мыкты бештикке кирип, Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн бир жолдомого ээ болду", — деди Макешов.

Ал ошондой эле эми федерация кимди жиберүү керектиги чечиши кажет экенин белгиледи.

"Балким олимпиадага Иззат Артыков барышы мүмкүн. Ал Ташкентте өткөн мелдеште 69 килограмм салмак боюнча алтын байгеге татыган", — деди ал.

Ошентип Кыргызстандын капчыгында Олимпиадага катышуу үчүн он жолдомо бар. Өлкөнүн намысын жеңил атлетчилер, грек-рим жана эркин күрөшчүлөр, бир боксчу жана бир штангист коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0