Оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Изат Артыков мыкты болду

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу биринчи орунду ээлеген мелдеш лицензиялык чемпионат болуп саналат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өзбекстандын борбору Ташкентте өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Изат Артыков биринчи орунду ээлегени аталган спорт федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Бокс кол капы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Швецияда өтчү тай бокс боюнча дүйнө чемпионаты үчүн КРдин курамасы түзүлөт
Маалыматка ылайык, турнир 24-апрелде башталган. Кыргызстандык спортчу Артыков 69 килограммга чейинки салмак категориясында "В" тайпасында күч сынашты. Штанганы жулкуп көтөрүүдө 150 килограмм, ал эми түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көрсөттү. Натыйжада 338 килограмм менен биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону аталды.

Аталган мелдеш лицензиялык чемпионат болуп саналат. Командалык эсептин жыйынтыгы менен беш күчтүү курама Рио-де-Жайнейродо өтө турган Олимпиадага бирден жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0