Бишкекте Көчмөндөр оюндары үчүн балбандар тандалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз күрөшү боюнча чемпионаты. Архив
Кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке катышууну каалагандар өтө көп экенин спорттун улуттук түрү боюнча дирекция белгиледи.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте эркектер арасында кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталганын Спорттун улуттук түрү боюнча дирекция билдирди.

Таймашка өлкөнүн булуң-бурчунан келген 270 спортчу катышууда.

Дирекциянын башчысы Алмазбек Касеновдун айтымында, мелдешке катышууну каалагандардын саны күтүлгөндөн ашып түшкөн. 

"Бул улуттук спорттун өнүгүп жатканынан кабар берет. Мындай жөрөлгө жаш спортчуларга мыкты стимул болуп, жөндөмүн көрсөтүүгө аянтча болуп берет", — деди ал. 

Балбандар диплом жана медалдар менен сыйланат. Мелдештин жыйынтыгы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн алгачкы лицензиялар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0