Кыргызстандык гимнаст кыз канада федерациясы менен Олимпиада чемпионун таң калтырды

© Caroline PonsКыргызстандык 12 жашар Сауле Ашимова Канададагы турнир учурунда. Архив
Кыргызстандык 12 жашар Сауле Ашимова Канададагы турнир учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауле Ашимова көркөм гимнастика боюнча Канадада өткөн мелдешке катышып, аталган өлкөнүн гимнастика боюнча федерациясынын сертификаты менен сыйланды.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандык 12 жашар Сауле Ашимова көркөм гимнастикадагы жетишкендиктери үчүн атайын сертификат менен сыйланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аныны апасы Айсулуу Абдыкадырова билдирди. 

Кыргызстанды өргө тарткан балакайлар
Сауле 21-24-апрель күндөрү Канадада өткөн Canadian Western Regional Rhythmic Gymnastics Championship мелдешине катышкан. 

Турнирдин жыйынтыгы менен гимнаст кыз Канаданын гимнастика федерациясы тарабынан сертификат менен сыйланды. Мындан сырткары, анын талантына көркөм гимнастика боюнча биринчи Олимпиада чемпиону (1984-жыл) Лори Фанг баа берген. 

"Лори Фанг менин кызыма баа берип, талантуу кыз экен деди. Ал Сауленин көркөм гимнастикада келечеги кеңдигин айтты. Ал эми калыстар менен машыктыруучулар эл аралык мелдештерде мындай күчтүү спортчуну кезиктирише электигин айтышты", — дейт Абдыкадырова. 

Сауле Ашимова көркөм гимнастика боюнча 2014-2015-жылы Кыргызстандын өспүрүмдөр арасында чемпион болгон. Мындан сырткары, ал — Казакстан, Россия, Франция, АКШ, Канадада өткөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0