Дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров Ошто арбитрлерди даярдайт

© AFP / ALEXANDER JOE Дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров. Архив
Дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу үч айга созулуп, жумасына үч күн өткөрүлөт. Калгандары практика жүзүндө көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ош шаарында атайын долбоордун алкагында дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров арбитрлерди даярдайт. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

"Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, КРдин Футбол федерациясы менен биргеликте футбол арбитрлерин окутуу курсун баштайт. Окуу үч айга созулуп, сабактарды белгилүү дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров өтөт", — деп билдирди маалымат кызматы.

Арбитрлерди даярдоо жумасына үч күн өткөрүлүп, калгандары практика жүзүндө көрсөтүлөт. Бул окуу курсун Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети акысыз уюштуруп берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0