Гимнастика боюнча мелдеште бишкектик улан-кыздар артыкчылык көрсөттү

© пресс-служба мэрии города БишкекЧемпионаттын жеңүүчүлөрү
Чемпионаттын жеңүүчүлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада гимнастика боюнча ачык чемпионат аяктады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Улан-кыздар арасында борбор калаанын гимнастика боюнча ачык чемпионаты аяктап, ага Казакстандын Шымкент, Караганда шаарларынан жана Бишкектен 60дан ашык спортчу катышты. Мелдеш 12-13-апрелде Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык училищеде өткөн.

Кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кикбоксчу Алексей Федосеев дүйнө чемпиону титулун коргоо үчүн беттешет
Анын жыйынтыгында балдар арасында "Спорттун чебери" категориясында биринчиликти Константин Руденко (Шымкент), экинчи орунду – Роман Пак (Бишкек) жана үчүнчү орунду Эрик Меннибаев (Бишкек) алды.

Аталган мелдеште Нурсултан Мамашарипов, Эмир Акматов, Амалия Чернышова, Настя Ферен, Даша Истомина, Дарья Минеевалар түрдүү категорияда биринчиликти камсыздашты.

Спорттук иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр шаардык спорт комитетинен диплом, медаль жана баалуу белектерди алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0