Кикбоксчу Алексей Федосеев дүйнө чемпиону титулун коргоо үчүн беттешет

© Фото / предоставлено Алексеем ФедосеевымКыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев. Архив
Кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчуга француз Сальвадор Дилан атаандаш болот.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Алексей Федосеев WAKO-PRO версиясы боюнча К-1 бөлүмүндө кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону деген титулун коргоо үчүн мушташа турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу өзү билдирди.

Улакчынын тукуму — Екатеринбургда кыргыз намысын коргоого аттанган Үмүтай
Кикбоксер аталган категорияда буга чейин да чемпион болгон. Учурда анын байге куржунунда WBKF, W5 жана WAKO-PRO версиясы боюнча дүйнө чемпиону деген үч титулу бар.

Федосеев титулду коргоо боюнча беттешүү үчүн келишимге кол койгонун маалымдады. Ага ылайык, беттеш быйыл 23-июнда Монакодо өтөт.

Кыргызстандык мушкерге француз Сальвадор Дилан атаандаш болот.

"Ал абдан күчтүү спортчу, бирок мен жеңишти гана көздөп турам", — деди Федосеев.

Беттешүү үч мүнөттүк беш раунддан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0