"Атлетико" клубу "Барсаны" Чемпиондор лигасынан четтетти

© REUTERS Sergio PerezФранцузский футболист, полузащитник клуба "Атлетико Мадрид" Антуан Гризманн после забитого им гола
Французский футболист, полузащитник клуба Атлетико Мадрид Антуан Гризманн после забитого им гола - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондор лигасынын жарым финалына "Реал", "Атлетико", "Бавария" жана "Манчестер Сити" командалары чыкты.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыккан дагы эки команда аныкталды. Анда испаниялык "Атлетико" менен германиялык "Бавария" чейрек финалда атаандаштарын жеңип алышты. 

Шаршемби күнү Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын жооптуу беттештери болду. 

Мадриддик "Атлетико" өз үйүндө каталониялык "Барсаны" кабыл алды. Эки команда ортосундагы биринчи оюн 2:1 эсебинде "Барсанын" пайдасына чечилген эле.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хоккей боюнча КР курама командасы мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти
Ал эми жооптуу оюнда "Атлетико" келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, 2:0 эсебинде "Барсаны" утуп алды. Катары менен атаандаштын дарбазасына Антуан Гризманн гол киргизип, өзгөчөлөндү. 

Кийинки оюнда Португалиянын "Бенфика" клубу Германиянын "Бавария" командасы менен ойноп, беттештин жыйынтыгы 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Аталган эки команда ортосундагы биринчи беттеш 1:0 эсебинде "Бавариянын" пайдасына чечилгендиктен, германиялыктар жарым финалга чыгышты. 

Чемпиондор лигасынын жарым финалына "Реал", "Атлетико", "Бавария" жана "Манчестер Сити" чыкты. 

Жарым финалдык беттештер 15-апрелде чучу кулактын жыйынтыгы менен аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0