Чемпиондор лигасы: "Реал" менен "Манчестер Сити" жарым финалга чыкты

© AFP / JAVIER SORIANO Испаниялык "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду.
Испаниялык Реал Мадрид клубунун оюнчусу Криштиану Роналду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарым финалда ойной турган эки команда аныкталды. Бүгүн дагы эки клубдун тагдыры чечилет.

БИШКЕК, 13-апр.—Sputnik. Испаниялык "Реал Мадрид" клубу менен Англиянын "Манчестер Сити" командасы Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты. 

Шаршемби күнү чейрек финалдык оюндарынын жооптуу беттештери өттү. 

Анда "Реал" өз талаасында "Вольфсбургду" кабыл алды. Эске сала кетсек, буга чейинки беттеште "Вольфсбург" өз үйүндө "Реал" менен беттешип, 2:0 эсебинде утуп алган. Андыктан "Реал" жарым финалга чыгуу үчүн кеминде 3:0 эсеби менен жеңүүсү керек эле. 

© AFP / PIERRE-PHILIPPE MARCOU Испаниялык "Реал Мадрид" клубу менен Англиянын "Манчестер Сити" командасы Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты.
1/4
Испаниялык "Реал Мадрид" клубу менен Англиянын "Манчестер Сити" командасы Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты.
© AFP / JAVIER SORIANO"Реал" өз талаасында "Вольсбургду" кабыл алып, 2:0 эсебинде утуп алган.
2/4
"Реал" өз талаасында "Вольсбургду" кабыл алып, 2:0 эсебинде утуп алган.
© AFP / OLI SCARFF "Манчер Сити" менен "ПСЖ" командалары кезигип, эсеп 1:0 эсебинде "Манчестер Ситинин" пайдасына чечилди.
3/4
"Манчер Сити" менен "ПСЖ" командалары кезигип, эсеп 1:0 эсебинде "Манчестер Ситинин" пайдасына чечилди.
© AFP / OLI SCARFF "Манчестер Ситини" жеңишке Кевин Де Брюйненин голу алып келди.
4/4
"Манчестер Ситини" жеңишке Кевин Де Брюйненин голу алып келди.
1/4
Испаниялык "Реал Мадрид" клубу менен Англиянын "Манчестер Сити" командасы Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты.
2/4
"Реал" өз талаасында "Вольсбургду" кабыл алып, 2:0 эсебинде утуп алган.
3/4
"Манчер Сити" менен "ПСЖ" командалары кезигип, эсеп 1:0 эсебинде "Манчестер Ситинин" пайдасына чечилди.
4/4
"Манчестер Ситини" жеңишке Кевин Де Брюйненин голу алып келди.

Мадриддик команда күйөрмандарын кубандырып, атаандашынын дарбазасына катары менен жоопсуз үч гол киргизе алды. Аталган голдорду "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдуга таандык болду. 

Кийинки оюнда "Манчестер Сити" менен "ПСЖ" командалары кезигип, эсеп 1:0 эсебинде "Манчестер Ситинин" пайдасына чечилди. Бул жолкусунда "Манчестер Ситини" жеңишке Кевин Де Брюйненин голу алып келди. Бир жума мурун аталган командалардын оюну 2:2 эсебинде аяктаган эле. 

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында "Реал" жеңилип, "ПСЖ" менен "Мансити" тең чыкты
Бүгүн Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында дагы эки жуп беттешип, мадриддин "Атлетико" командасы өз талаасында "Барсаны" кабыл алуусу күтүлүүдө. Эки команданын буга чейинки кармашы 2:1 эсебинде "Барсанын" пайдасына чечилген. Ал эми "Бавария" португалиялык "Бенфика" командасы менен ойнойт. 

Учурда көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары өтүүдө. Анда атактуу сегиз клуб өз ара ойноп, жарым финалга чыгуусу керек. Ал үчүн клубдар алгач өз үйүндө, андан соң атаандашынын талаасында ойнойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0