FIFA инструкторлору кыргызстандык калыстарды окутат

© пресс-служба ФФКРFIFA инструкторлору жана кыргызстандык калыстар
FIFA инструкторлору жана кыргызстандык калыстар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курска жалпы жонунан 30 кыргызстандык калыс катышат. Анын үчөө — FIFA арбитрлери.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын инструкторлору кыргызстандык калыстар үчүн окуу курсун өткөрүп жатканын Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан FIFA рейтингинде 100 мыкты команданын катарына кирди
Маалыматка ылайык, курс 8-12-апрель күндөрү аталган федерациянын футбол борборунда өтүүдө. Иш-чарага 30 калыс катышып жатат, анын үчөө — FIFA арбитрлери, бешөө — ФИФА калыстарынын ассистенттери.

Мында курсту Эл аралык футбол уюму менен Азия футбол конфедерациясынын тажрыйбалуу адистери Фархат Абдуллаев жана Али Ахмед Аль-Траифи өтүп жатышат. 

Абдуллаевдин айтымында, мындай иш-чара биринчи ирет өтүп, калыстын ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин талкууланууда.

Курстун жыйынтыгы менен экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга сертификат тапшырылып, бул улуттук жана эл аралык деңгээлдеги беттешүүлөрдү тейлөөгө жол ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0