Кыргызстандын алдыңкы командалары Топ-лиганын төртүнчү турунда жеңишке жетти

© пресс-служба мэрии города Ош"Алай" футбол клубунун оюнчулары. Архив
Алай футбол клубунун оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин жүрүшүндө "Дордой" 10 упай менен сап башында турса, "Алай" 9 упай менен экинчи, ал эми үчүнчүдө жети упай менен "Алга" келе жатат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын алдыңкы командалары Топ-лиганын төртүнчү турунда жеңишке жетти. Бул тууралуу КРдин футбол лигасы кабарлайт.

Кыргыз хоккей курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР хоккейчилери индиялык команданын быт-чытын чыгарды
Өлкөнүн Топ-лигасында жалпысынан жети команда күч сынашып, ар бир турда бир команда эс алат.

Борбордун "Дордой" командасы Куршабдын "Алдиер" клубун 1:0 эсебинде утса, кийинки оюнда Бишкектин "Алгасы" Нарындан келген "Ала-Тоого" жоопсуз эки гол киргизди. Мындан сырткары, учурдагы чемпион "Алай" клубу "Кара-Балтаны" 6:0 эсебинде жеңип алды. Канттын "Абдыш-Атасы" бул турда эс алды. 

Мелдештин жүрүшүндө "Дордой" 10 упай менен сап башында турса, "Алай" 9 упай менен экинчи, ал эми үчүнчү орунда жети упай менен "Алга" келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0