КР хоккейчилери индиялык команданын быт-чытын чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз хоккей курамасы. Архив
Кыргыз хоккей курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте өткөн турнирдин ачылыш салтанаты ишемби күнү болду.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстан хоккей боюнча Азиянын чакырык кубогунун алгачкы оюнунда индиялык команда менен беттешип, жеңишке жетишти. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдеш ушул күндөрү Бишкекте өтүп жатат. Анын салтанаттуу ачылышы кечээ, ишемби күнү өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан FIFA рейтингинде 100 мыкты команданын катарына кирди
Алгачкы оюнда кыргызстандыктар индиялык атаандашын 11:1 эсеби менен утуп алды.

Экинчи беттешүү Кыргызстан менен Катардын ортосунда бүгүн, жекшемби күнү саат 19.00дө болот. Кыргызстандын курама командасы аталган турнирге үчүнчү жолу катышууда. Турнирдин жеңүүчүсү Азиянын чакырык Кубогунун элиталык дивизионуна жолдомо алат.

2014-жылы жергиликтүү команда биринчи дивизионго Индия, Макао жана Сингапур менен чогуу катышкан. Финалда кыргызстандыктар Макао командасынан утулуп, экинчи орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0