Кыз-жигиттер Бишкекте футбол ойношот

Жазылуу
Шаардык мелдешке төрт райондун ар биринен экиден команда катышат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте окуучулардын футбол боюнча спартакиадасы өтө турганын шаардык спорт комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 11-15-апрель күндөрү "Дордой" спорт клубунун базасында өтөт. Ага жигиттердин сегиз, кыздардын сегиз командасы катышып, жалпы жонунан 136 окуучу топ тебет.

Турнир футболду окуучулар арасында жайылтууга, мыкты спортчуларды аныктоого багытталган. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0