Кыргыз гимнасттары Казакстандагы турнирде 10 медалга ээ болушту

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГимнастка. Архив
Гимнастка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге жалпысынан алты жаштан 13 жашка чейинки кыздар катышты.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын спортчу кыздары көркөм гимнастика боюнча Казакстанда өткөн биринчиликтен 10 медаль менен кайтканын аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар эки алтын, эки күмүш жана алты коло медаль тагынышты. 

Турнирге жалпысынан алты жаштан 13 жашка чейинки кыздар катышып, алар секирме, алкак, топ менен жана буюмсуз көнүгүүлөрдү жасашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0