Кыргызстан FIFA рейтингинде 100 мыкты команданын катарына кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул улуттук курама командасынын тарыхтагы эң мыкты көрсөткүчү болуп саналат. Өткөн рейтингде команда 105-орунду ээлеген.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын (FIFA) рейтингинде 100 мыкты команданын катарына кирди.

Февралдык рейтингде команда 105-орунду ээлеп келген. Анда кыргызстандык команда расмий оюн өткөргөн эмес. 

Бишкектеги бодибилдинг турнирине атактуу Деннис Вольф келет
Марттагы рейтингде команда туптуура 100-орунга келди. 29-март күнү Душанбеде 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тажикстан менен беттешип, кыргызстандык команда 0:1 эсеби менен жеңишке жетишкен.

Бир айда мыкты көрсөткүчкө жетишкен командалардын көч башында 45 тепкичке көтөрүлүү менен 102-орунду ээлеген Гвинеи – Биссау командасы турса, ал эми 24 позицияга кетенчиктеп 137-орунду ээлеген Аруба командасы эң артта калды.

Алдыңкы үч орунда Аргентина, Бельгия жана Чили командалары турат.

Бул Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын тарыхтагы эң мыкты көрсөткүчү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0