Бишкектеги бодибилдинг турнирине атактуу Деннис Вольф келет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБодибилдинг боюнча ачык турнирдин катышуучулары. Архив
Бодибилдинг боюнча ачык турнирдин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 24-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтчү Кыргызстандын бодибилдинг боюнча ачык турнирине конок катары чакырылууда.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бодибилдинг боюнча ачык турнир өтүп, ага атактуу спортчулардын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бодибилдинг федерациясынын президенти Тимур Жанабулов билдирди. 

Спорттук иш-чара 24-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. 

"Турнирге дүйнөгө белгилүү спортчулар Деннис Вольф жана Марек Олейничак келет. Иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп айта алам. Андыктан бардык кыргызстандыктарды чакырам", — деди Жанабулов. 

Турнирдин жөңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат. 

Атактуу спортчу Деннис Вольф Кыргызстандын Токмок шаарында төрөлүп, 90-жылдары Германиядагы ата-энесине көчүп кеткен. Ал "Мистер Олимпия", "Арнольд Классик Европа" жана башка титулдардын ээси. 

Жаңылыктар түрмөгү
0