Каратэ-до федерациясынын президенти дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

Жазылуу
Польшада өткөн мелдеште 30 өлкөдөн келген 1800дөн ашуун спортчу катышкан.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Каратэ-до федерациясынын учурдагы президенти Нурдөөлөт Рысбеков аталган спорттун түрү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду. Бул тууралуу федерация билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 1-3-апрель күндөрү Польшада WSF каратэ-до боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Ага 30 өлкөдөн келген 1800дөн ашуун спортчу катышкан. Жалпы командалык эсепте кыргызстандык топ 18-орунду ээледи.

Чемпионатка улуттук федерациядан төрт спортчу жарыяланган.

"Биздин спортчулар татыктуу мелдеш көрсөтүштү. 61 килограммга чейинки салмак категориясында коло медаль алса, 75 килограмм категориясында Атайбек Абдижалил уулу күмүш медалга ээ болду", — деп айтылат маалыматта.

Алтын медаль жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону наамына 56-60 жаш курактагылардын ичинен Нурдөөлөт Рысбеков ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0