Кыргызстан Тажикстандын курамасын Душанбеде өткөн беттеште утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасы. Архив
Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул оюн КР курама командасынын Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынынын алкагындагы акыркы оюну болчу.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы тажикстандык атаандаштарын 0:1 эсебинде утуп алды.

Бул оюн Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарындагы акыркы оюну болчу. Оюн Душанбе шаарындагы "Центральный" стадионунда өттү.

Оюндагы алгачкы жана акыркы голду Виталий Люкс биринчи таймдын 18-мүнөтүндө киргизди

Оюндун жүрүшүндө тажикстандык оюнчулар топко көп ээлик кылышканы менен андан майнап чыккан жок.

Бул оюнда кыргызстандык оюнчулар кызыл форма кийишсе, тажикстандыктар ак форма менен ойношту. Оюнга өзбекстандык калыстар көз салышты.

Кыргызстандын курама командасы "В" тайпасында ишенимдүү түрдө үчүнчү орунду ээледи. Азыркы оюн бул жыйынтыкка эч кандай таасир бербейт. КР курамасы дүйнөлүк чемпионаттын кийинки раунддарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Бирок, 2019-жылы Азия чемпионатынын квалификациялык раунддарына чыгууга шансы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0