Футбол: Кыргызстан курама командасы эсепти ачты

Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы Душанбеде ойноп жатканына карабай алгачты топту атаандашынын дарбазасына киргизди.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы тажикстандык атаандаштарынын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.

Командалар 2018-жылы өтчү Дүйнөлүк футбол чемпионатынын тандоо раунддарынын алкагында беттешүүдө.

Оюн Душанбе шаарындагы "Центральный" стадионунда өтүп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын командаларынын баштапкы курамы
Виталий Люкс биринчи таймдын 18-мүнөтүндө эсепти ачты.

Кыргызстандык оюнчулар кызыл форма кийишсе, тажикстандыктар ак форма менен ойношууда. Оюнга өзбекстандык калыстар көз салып жатат.

Кыргызстандын курама командасы "В" тайпасында ишенимдүү түрдө үчүнчү орунду ээледи. Азыркы оюн бул жыйынтыкка эч кандай таасир бербейт. КР курамасы дүйнөлүк чемпионаттын кийинки раунддарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Бирок, 2019-жылы Азия чемпионатынын квалификациялык раунддарына чыгууна шансы бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешин түз эфирден Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0