Оштогу марафонго 600 велосипедчен чыкты

© Sputnik / Айша КамиловаОшто ишемби күнү шаардык веломарафон өттү.
Ошто ишемби күнү шаардык веломарафон өттү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Веложүрүштүн жыйынтыгы менен иш-чаранын эң жаш жана эң кары катышуучулары сыйланды.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ошто ишемби күнү шаардык веломарафон өтүп, ага 600 адам катышканын Дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, ага 5 жаштан 70 жашка чейинки бардык каалоочулар катышкан, үй-бүлөсү менен чогуу келгендер да болгон.

© Sputnik / Айша КамиловаОшто ишемби күнү шаардык веломарафон өтүп, ага 600 адам катышты.
1/4
Ошто ишемби күнү шаардык веломарафон өтүп, ага 600 адам катышты.
© Sputnik / Айша КамиловаАга 5 жаштан 70 жашка чейинки бардык каалоочулар барды.
2/4
Ага 5 жаштан 70 жашка чейинки бардык каалоочулар барды.
© Sputnik / Айша КамиловаМарафон шаардын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрү боюнча өтүп, трассанын узундугу алты чакырымды түздү.
3/4
Марафон шаардын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрү боюнча өтүп, трассанын узундугу алты чакырымды түздү.
© Sputnik / Айша КамиловаИш-чараны өткөрүү үчүн Жол кайгуул кызматы менен Тез жардам кызматы тартылган.
4/4
Иш-чараны өткөрүү үчүн Жол кайгуул кызматы менен Тез жардам кызматы тартылган.
1/4
Ошто ишемби күнү шаардык веломарафон өтүп, ага 600 адам катышты.
2/4
Ага 5 жаштан 70 жашка чейинки бардык каалоочулар барды.
3/4
Марафон шаардын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрү боюнча өтүп, трассанын узундугу алты чакырымды түздү.
4/4
Иш-чараны өткөрүү үчүн Жол кайгуул кызматы менен Тез жардам кызматы тартылган.

"Иш-чарага жаштардын көп катышып жатканы кубандырат. Ден-соолук — бул сатып алууга мүмкүн болбой турган байлык", — деди Сыдыков.

Марафон шаардын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрү боюнча өтүп, трассанын узундугу алты чакырымды түздү. 

Иш-чараны өткөрүү үчүн Жол кайгуул кызматы менен Тез жардам кызматы тартылган. 

Веложүрүштүн жыйынтыгы менен иш-чаранын эң жаш жана эң кары катышуучулары сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0