КР мушкери Рыскелдиев бүгүн америкалык Арон Кули менен беттешет

Жазылуу
25 жаштагы кыргызстандык Урмат Рыскелдиевдин чемпион болууга бардык мүмкүнчүлүгү бар экенин анын АКШдагы машыктыруучусу Жесси Рида билдирди.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бүгүн ишемби күнү Американын Сан-Франциско шаарында кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев жергиликтүү спортчу Арон Кули менен рингге чыгып, өзүнүн 8-беттешин өткөрө турганын анын менеджери Жаныш Осмонов Facebook тармагындагы баракчасында маалымдады. 

26-марта в городе Сан Франциско Урмат Рыскелдиев проведет свой 8-бой в США против местного боксера Арона Кули. Соперник…

Опубликовано Janysh Osmon 24 марта 2016 г.

Осмоновдун айтымында, Урматтын атаандашы профессионалдык боксто 13 беттешүү өткөрүп, анын 12синде жеңишке жетишкен. 

"Бир жолу гана утулуп калган. Бул беттешүү 70 килограммга чейинки салмак категориясында өтүп, 6 раундга созулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Улакчынын тукуму — Екатеринбургда кыргыз намысын коргоого аттанган Үмүтай
Рыскелдиев менен Кулинин таймашы Андре Уорд менен Салливан Берредин беттешүүсүнүн андеркартында болот. Ал Roc Nation Sports аттуу промоутердик компания тарабынан уюштурулду.

Урмат Рыскелдив 25 жашта. Анын АКШда жашап, иштегенине быйыл төрт жылдын жүзү болду. Профессионалдык рингге 17 жолу чыгып, анын 12синде жеңишке жетишкен. Үч жолу утулуп, эки беттешүү тең эсеп менен аяктаган. Машыктыруучусу Жесси Риданын айтымында, кыргызстандык мушкердин чемпион болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0