КР командасынын атаандашы австралиялыктардан ири эсеп менен утулуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстандын футболчусу. Архив
Тажикстандын футболчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандык команда 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы акыркы оюнду КР футболчулары менен өткөрөт.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Тажикстандын футбол боюнча курама командасы австралиялыктардан 7:0 эсеп менен утулуп калганын Sputnik Тажикстан агенттиги билдирди.

Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР футболчулары күйөрмандары менен шаардын борборунан жолугат
2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттешүү бейшемби күнү Канберра шаарында өттү.

Акыркы оюнун аталган команда эми 29-март күнү Душанбеде кыргызстандык футболчуларга каршы өткөрөт.

Кыргызстандык команданын эсебинде учурда 11 упай бар. "В" тайпасында биринчи орунда 18 упай менен Австралия келе жатат, Иордания 13 упай менен экинчи орунда. Улуттук команда үчүнчү катарда. Ал эми Тажикстан беш упай менен төртүнчү, Бангладеш бир упай менен бешинчи орунда келе жатат. 

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0