Европанын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында ойночу командалар аныкталды

© REUTERS / Phil Noble Livepic Манчестер сити футбол клубунун чабуулчусу Серхио Агуэро. Архив
Манчестер сити футбол клубунун чабуулчусу Серхио Агуэро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чейрек финалдык алгачкы оюндары апрель айында башталат.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын штаб квартирасында жума күнү Европанын Чемпиондор Лигасына чучу кулак кармалды.

Чейрек финалга Европанын эң кыйын деген футбол клубдары чыккан. Алар: "Реал Мадрид" (Испания), "Вольфсбург" (Германия), ПСЖ (Франция), "Атлетико" (Испания), "Манчестер Сити" (Англия), "Бенфика" (Португалия), "Барселона" (Испания) жана "Бавария" (Германия).

Чучукулактын жыйынтыгында чейрек финалда ойной турчу командалар төмөндөгүдөй бөлүндү:

  • "Вольфсбург" – "Реал";
  • "Бавария" – "Бенфика";
  • "Барселона" – "Атлетико";
  • "ПСЖ" – "Манчестер Сити".

Чейрек финалдын биринчи оюндары 5-6-апрелде башталат. 12-13-аперлде жооп оюндары орун алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0