Бүгүн көк бөрү боюнча турнирдин чейрек финалдык оюндары өтөт

Жазылуу
Чейрек финалда сегиз команда күч сынашат. Ал эми мелдештин финалдык бөлүгү 21-март Нооруз майрамында болот.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүн "Ак кула" ат майданында Нооруз майрамына карата уюштурулуп жаткан көк бөрү боюнча турнирдин жарым финалга чыгуу оюндары болот. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Чейрек финалда сегиз команда күч сынашат: 

  • 10:00 — "Бөрүлүү" (Сокулук) — "Ак-Суу" (Москва району);
  • 11:30 — "Сары- Өзөн" (Чүй) — "Талас жаштары" (Талас);
  • 13:00 — "Достук" (Ош) — "Арашан" (Чүй облусу);
  • 14:30 — "Талас" — ИИМ (Бишкек).

Ал эми мелдештин финалдык бөлүгү 21-март Нооруз майрамында өтөт. 

Эске сала кетсек "Нооруз-2015" турнирин Чүйдүн "Сары- Өзөн" командасы жеңип алган. 

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0