Чемпиондор лигасы: чейрек финалчылар аныкталып, Месси рекорд койду

© REUTERS / Albert GeaАргентинский нападающий "Барсы" Лионель Месси и Неймар
Аргентинский нападающий Барсы Лионель Месси и Неймар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондор лигасынын кийинки оюнунда беттеше турган командалардын чучу кулагы 18-мартта өтөт.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалында ойной турган командалар аныкталды.

Шаршемби күнү кечинде 1/8 финалдын акыркы оюндары өттү. Ага чейин чейрек финалга "Реал Мадрид" (Испания), "Вольфсбург" (Германия), ПСЖ (Франция), "Атлетико" (Испания), "Манчестер Сити" (Англия), "Бенфика" (Португалия) командалары чыккан.

Кийинки беттешүүлөрдүн дагы эки оюнчусу шаршемби күнү кечинде аныкталып, алар Испаниянын "Барселона" жана Германиянын "Бавария" командалары болуп калды. 

"Барселона" өз талаасында Лондондун "Арсенал" командасын 3:1 эсебинде ишенимдүү утуп алды. Мында команданын курамындагы үч чабуулчу — Лионель Месси, Неймар, Луис Суарездер өзгөчөлөнө алышты. Атаандаштардан Эл-Ненно гол киргизди. Лондондо өткөн алгачкы беттешүү "Барса" командасынын пайдасына 2:0 эсеби менен аяктаган.

Кыргыз футболун жата калып көрүүнүн беш себеби
"Бавария" — "Ювентус" беттешүүсүндө италиялык команда аз жерден чейрек финалга чыгып кала жаздады, бирок ийгилик бавариялыктарга ооп кетти. Алтынчы мүнөттө "Ювентустун" жарым чабуулчусу Поль Погба эсепти ачса, ал эми Куадрадо 28-мүнөттө италиялыктардын тобун дагы бирге көбөйттү. Бул эсеп "Ювентус" үчүн ыңгайлуу эле, анткени Туринде өткөн биринчи беттешүүдө оюн 2:2 эсеби менен бүткөн. Бирок "Бавария" Роберт Левандовскинин 73-мүнөттө киргизген тобу менен ортодогу айырманы азайтууга жетишсе, оюн соңуна чыгып калганда Томас Мюллер эсепти теңдеп салды. Матч овертаймга өтүп (кошумча эки тайм), мында бавариялыктар дагы эки топ киргизип, алдыга озуп чыгышты. Жалпы эсеп 6:4 болуп, германиялык команда чейрек финалга өттү.

Финалдын 1/8 бөлүгүндө Аргентинанын "Барса" командасынын чабуулчусу Лионель Месси турнирдин рекордун коё алды. "Арсеналдын" дарбазасына киргизген тобу аларга каршы ойногон мезгилиндеги тогузунчу голу болду.

Бул Чемпиондор лигасындагы бир оюнчунун атаандашка киргизген голунун саны боюнча жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Чейрек финалга чучу кулак кармоо жума күнү Швейцарияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0