Спортчуларга автобустар тартууланды

© пресс-служба НОК КРУлуттук Олимпиада комитети Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Футбол федерациясына Foton үлгүсүндөгү автобустарды белекке берилди.
Улуттук Олимпиада комитети Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Футбол федерациясына Foton үлгүсүндөгү автобустарды белекке берилди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа каражаттары Азиянын Олимпиада кеңешинин атынан берилди.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Улуттук Олимпиада комитети Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Футбол федерациясына Foton үлгүсүндөгү автобустарды белекке бергенин аталган мекеме билдирди.

Комитет бул автобустарды Азиянын Олимпиада кеңешинен алган. Анын бири Футбол федерациясынын делегацияларын ташууга берилди.

Экинчи унаа агенттикке берилип, ал быйыл жайында өтө турган Олимпиада оюндарына даярдануу үчүн машыгууларга спортчуларды ташууга арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0