Талант Дүйшөбаев Польшанын гандбол боюнча башкы машыктыруучусу болду

© AFP / CARSTEN REHDERТалант Дүйшөбаев Польшанын гандбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу
Талант Дүйшөбаев Польшанын гандбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы машыктыруучуга курама команданы 2016-жылы өтчү жайкы Олимпиада оюндарына жана 2017-жылкы дүйнө биринчилигине жолдомо алуу тапшырмасы коюулду.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлгөн Талант Дүйшөбаев Польшанын курама командасына гандбол боюнча башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Польшанын гандбол федерациясы кабарлайт.

Мурдагы машыктыруучу Майкл Биглер Польшанын курама командасы Европа чемпионатына чыкпай калгандан кийин кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңы машыктыруучуга курама команданы 2016-жылы өтчү жайкы Олимпиада оюндарына жана 2017-жылкы дүйнө биринчилигине жолдомо алуу тапшырмасы коюулду.

"Бул чечимге мен кубанып турам. Буюрса ишеничти актаганга бүткүл күчүбүздү жумшайбыз", — дейт Дүйшөбаев.

Талант Дүйшөбаев 1968-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Дүйнөлүк гандболдо эң күчтүү спортчулардын катарын толуктайт. Убагында СССР, Испания курамаларында ойногон. 1994-жылы жана 1996-жылы дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу деп табылган. Буга чейин Испаниянын курама командасын жетектеген. Мындан сарткары Дүйшөбаев Олимпиада чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0