Кыргызстандын футбол чемпионатына чүчү кулак кармоону Sputnik түз алып көрсөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги калыс. Архив
Футбол беттешиндеги калыс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түз алып берүүнү www.sputnik.kg жана www.ru.sputnik.kg сайттарынан көрүүгө болот.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бүгүн, жума күнү 2016-жылга карата Жогорку лига менен Кыргызстандын Кубогуна чүчү кулак кармоо болот.

КР футболчуларын колдоого багытталган видеороликтердин сынагы жарыяланды
Иш-чара Футбол федерациясынын жыйындар залында саат 11.00дө башталат. 

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу онлайн-видеосун көрсөтөт. Түз алып берүүнү www.sputnik.kg жана www.ru.sputnik.kg сайттарынан көрүүгө болот.

Чүчү кулак кармоонун алкагында жаңы сезондун календары сунушталат. Ал эми лизенциядан ийгиликтүү өткөн клубдарга келе жаткан сезондун Жогорку лигасына катышууга уруксат кагаздары тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0