Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүАялдар арасындагы күрөш боюнча беттешүү. Архив
Аялдар арасындагы күрөш боюнча беттешүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасынын капчыгы дагы бир алтын менен толукталды. Тыныбекова Таиландда өтүп жаткан чемпионатта казакстандык атаандашын көтөрүп чапты.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова аялдар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиону болгонун мелдештин расмий сайты маалымдады.

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты ушул тапта Бангкокто (Таиланд) өтүп жатат.

Чемпионат Азии по футзалу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан футзал боюнча дүйнө биринчилигине баруу укугунан ажырады
Финалдык мелдеште Тыныбекова 58 килограмм салмакка чейинки категориясында казакстандык балбан Айым Абдилина менен кармашып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. 

Андан сырткары Улугбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча коло байгеге татыды. Ал 57 килограмм салмакка категориясы боюнча күч сынашты.

Буга чейин Кыргызстандын капчыгында эки алтын, бир коло жана эки коло медаль бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0