Грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстан командасы 3-орунду ээледи

Жазылуу
Мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар эки алтын, бир күмүш жана эки коло медаль утушту.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортсмендер Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Бул туурасында аталган мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки балбан Азиянын чемпиону аталышты
Грек-рим, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча Азия биринчилиги Таиланддын Бангкок шаарында 17-февралда башталып, 21-февралга чейин уланат. Учурда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. 

Жалпысынан сегиз комплект медаль ойнотулган. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамы командасы жети салмактык категорияда намысты коргошту. 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык балбандар эки алтын, бир күмүш жана эки коло медаль утушту.

Командалык эсепте, Кыргызстан 46 упай менен үчүнчү оруну ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча командалык эсеп:

  1. Иран — 71 упай (4 алтын, 1 күмүш, 2 коло);
  2. Казакстан — 58 упай (1 алтын, 1 күмүш, 4 коло);
  3. Кыргызстан — 49 упай (2 алтын, 1 күмүш, 2 коло);
  4. Өзбекстан — 47 упай (3 күмүш, 1 коло);
  5. Корея — 44 упай (1 алтын, 1 коло);
  6. Кытай — 42 упай (1 күмүш, 2 коло).

Жаңылыктар түрмөгү
0