Мекенди коргоо күнүнө карата сумо боюнча мелдеш өтөт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСумо балбандары. Архив
Сумо балбандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге 14-16 жаш курагындагы бардык каалоочулар катыша алат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте япондордун сумо күрөшү боюнча ачык мелдеш өтөөрүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен маалымдашты.

Сумо боюнча күрөшчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырызстанда япон маданиятынын жумалыгы өтөт
Турнир 23-февраль — Мекенди коргоо күнүнө карата борбор калаада өтүп, ага 1998-2000-жылы туулган бардык каалоочулар катыша алат. 

Балдар 80 килограмм,100 килограмм жана 100 килограммдан жогорку салмакта, кыздар 60 килограмм, 70 килограмм жана 75 килограммдан жогорку салмакта күрөшөт.

Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар менен дипломдор тапшырылат. Катышууну каалагандар сумо ассоциациясына кайрылуусу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0