Өлкөнүн мыкты футбол командалары өз ара күч сынашат

Жазылуу
Жолдоштук беттешүү 14-февраль күнү Кант шаарында жаңы сезонго карата Топ-лига клубдарынын машыгуусунун алкагында өтөт.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Футбол боюнча Топ-лигага кирген командалар — "Дордой" менен "Абдыш-Ата" өз ара ойной турганын Футбол федерациясы билдирди.

Беттешүү жаңы сезонго даярдануунун алкагында өтмөкчү.

Шаардын вице-чемпиону "Дордой" командасы өткөн биринчиликте төртүнчү орунду ээлеген "Абдыш-Ата" менен күч сынашат. Оюн 14-февраль күнү Кант шаарында өтөт.

"Дордой" буга чейин "Ала-Тоо" командасы менен жолдоштук оюн өткөрүп, 2:1 эсеби менен жеңишти камсыздаган. Канттык клуб жети күндүк машыгуудан кийин жума күнү кечинде Ысык-Көлдөн кайтып келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0