19:04 17 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү

Бишкекте бокс боюнча өткөн турнирде кыргызстандыктар 5 алтын жана 2 күмүшкө татыды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
120 0 0

Бишкек шаарында Дүйшөнкүл Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бүгүн, 7-февралда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, кыргызстандык боксчулар беш алтын жана эки күмүш медаль утканын өлкөнүн башкы тренери Адылкан Бекболотов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

39-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Филиппин жана Монголиядан 136 мушкер катышты. 

  • Бүгүн, 7-февралда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
    Бүгүн, 7-февралда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мелдешке Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Филиппиндер жана Монголиядан 136 мушкер катышты.
    Мелдешке Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Филиппиндер жана Монголиядан 136 мушкер катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Кыргызстандык боксчулар беш алтын жана эки күмүш медаль утту.
    Кыргызстандык боксчулар беш алтын жана эки күмүш медаль утту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Жеңүүчүлөргө медалдар менен баалуу сыйлыктар тапшырылды.
    Жеңүүчүлөргө медалдар менен баалуу сыйлыктар тапшырылды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн, 7-февралда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык мушкерлер — Турат Осмонов, Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков, Эрмек Сакенов жана Сергей Паренко алтын медалга татышса, Бек Камчыбеков менен Ыктыяр Шабданбаев күмүш медаль тагынды.

Бекболотовдун айтымында, жалпы командалык эсепте Кыргызстан биринчи, Россия экинчи, ал эми үчүнчү орунду Өзбекстан ээлеген. 

Жеңүүчүлөргө медалдар менен баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Тема боюнча

Мээни чыгара чапчудай соккулар – Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир башталды
Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында кыздар эси оогончо бири-бири менен кармашты
Белгилер:
беттешүү, уруш, турнир, бокс
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ