21:40 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1634
  • EUR80.0375
  • RUB1.0917
Токио шаары. Архив

Японияда президент Путиндин самбо боюнча кубогу өтөт

© Sputnik / Владимир Песня
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
5901

Бул мелдеш Японияда өтүп жаткан президент Владимир Путиндин төртүнчү кубогу. Россиянын президенти самбо жана дзюдо боюнча спорттун чебери болгондуктан Япониядагы куралсыз уруш кубогуна ысымы ыйгарылган.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Самбо боюнча Япония биринчилигиндеги Владимир Путиндин кубогу жекшемби күнү Токио шаарында өтөрүн РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул жылы таймаш өткөрүү Япониядагы "түндүк аймак" күнүн белгилөөгө дал келет. Россияга каршы ар кыл уюмдар Курил аралдарын Токиого кайтарып берүү талабы менен ушул күнү акцияларды уюштурушат.

"Биз спортсмендер, саясатка тиешебиз жок. Бирок бул күнү президент Путиндин кубогун өткөрүү маанилүү окуя, анткени самбо жана дзюдо эки өлкөнүн мамилесин жакшыртат", — деди уюштуруучулардын бири Нобуюки Асаи.

Беттешке 100дөн ашуун спортсмендердин катышуусу күтүүлүдө, алар Вьетнамда өтүүчү Азия пляж оюндарына улуттук курам менен катышууга, Болгарияда өтүүчү самбо боюнча дүйнө биринчилигине жолдомо алууга ат салышат. 

Владимир Путин самбо жана дзюдо боюнча спорттун чебери болгондуктан Япониядагы куралсыз уруш кубогуна ысымы ыйгарылган.

Тема боюнча

Кыргызстандыктар кулатуу боюнча тажик атаандаштарын артка калтырды
Белгилер:
мелдеш, самбо, Владимир Путин, Токио, Япония
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ