Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде ордун жогорулатты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жыйынтык айдын начар командасы деп табылган Ливия командасынын рейтингде төмөндөп кетишинен улам жаралды. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы январь айында расмий оюн өткөргөн жок.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын январь рейтингисинде ордун жогорулатканын Футбол федерациясы билдирди.

Декабрь айындагы тизмеде жергиликтүү команда 107-орунда турганы белгилүү болгон.

Кыргызстан — Иордания футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол күнүндө FIFA сайты Кыргызстандын командасына арналган макала жарыялады
Жаңыланган рейтингде январь айынын жыйынтыгы менен команда эч кандай оюн өткөрбөстөн 105-орунду ээлеген. Тажикстандын курама командасы 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы "В" тайпасында калган жалгыз атаандашы болуп саналат. Аталган топ рейтингдин 148-сабында турат.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын тизмесинде кыргызстандык команда 14-орунда.

Өткөн айдын мыкты командасы болуп Палестинанын футболчулары табылган. 21 орунга көтөрүлүп, учурда бул топ рейтингдин 110-катарын ээледи. Ал эми 24 орунга төмөндөп кеткен Ливия айлык эң начар командасы деп табылган.

Алдыдагы үч команда өзгөрүүсүз калды: Бельгия, Аргентина жана Испания. Февралдын жыйынтыгы менен кийинки жаңылануу 3-мартта белгилүү болот.

Кыргызстандык команда өткөн жылдын ноябрь айынын жыйынтыгы менен 2006-жылкы рекордун (119-орун) жаңылап 108-сапты ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0