Көркөм муз тебүү боюнча чемпионатка 4 жаштан жогорку курактагы балдар чакырылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте көркөм муз тебүү залы. Арзив
Бишкекте көркөм муз тебүү залы. Арзив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын өтүүчү турнирге быйыл 50 фигуристтин катышуусу күтүлүп жатат. Мелдеш 5-февралда башталат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкекте көркөм муз тебүү боюнча ачык чемпионат өтө турганын шаардык спорт комитет билдирди.

Мелдеш 5-6-февралга белгиленип, шаардык муз айдыңында өтөрү айтылууда. Быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан турнирге 4 жаштан 15 жашка чейинки 50 фигуристтин катышары күтүлүп жатат. Ал эми былтыр мелдешке 60 спортчунун катышканы белгилүү. 

Турнирдин жеңүүчүлөрү медаль, диплом жана баалуу байгелер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0