Кыргызстандык гимнаст кыз Канададагы турнирдин жеңүүчүсү болду

© Caroline PonsКыргызстандык гимнаст кыз Сауле Ашимова Канададагы Queen of Hearts Invitational 2016 турниринде.
Кыргызстандык гимнаст кыз Сауле Ашимова Канададагы Queen of Hearts Invitational 2016 турниринде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанддан барган кыз алтын медалга булава менен жасаган көнүгүүлөрү үчүн татыды. Мелдешке Канададан 150 спортчу катышты. Кыргызстандык гимнасттын үй-бүлөсү учурда аталган мамлекетте убактылуу жашайт.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Сауле Ашимова Канададагы Queen of Hearts Invitational 2016 турниринде алтын медалга ээ болгонун спортчунун энеси Айсулуу Абдыкадырова билдирди.

Мелдеш 29-31-январь күндөрү Вернон шаарында өттү. Жыл сайын өтүүчү спорттук иш-чара Канаданын бардык булуң-бурчунан 17 жашка чейинки гимнаст кыздардын башын бириктирди. Ашимовдордун үй-бүлөсү учурда аталган өлкөдө жашап жаткандыктан, Сауле да таймашка катышкан.

© Judy MartensКыргызстандык Сауле Ашимова Канададагы Queen of Hearts Invitational 2016 турниринде
Гимнастка из Кыргызстана Сауле Ашимова на региональном турнире в Канаде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Сауле Ашимова Канададагы Queen of Hearts Invitational 2016 турниринде

Кыргызстандык гимнаст алтын медалды булава менен жасаган көнүгүүлөрү үчүн алып, юниорлор арасында эң жогорку упай алгандыгы үчүн атайын байгенин ээси болду. Мындан тышкары "Ийкемдүүлүк ханышасы" аталып, баалуу байгелер ыроолонду.

Спортчунун апасы Сауле Түндүк-Америка системасында эң жогорку деп эсептелген 10-деңгээлде өнөрүн көрсөткөнүн айтып берди.

© Caroline PonsКыргызстандык Сауле Ашимова Канададагы Queen of Hearts Invitational 2016 турниринде
Гимнастка из Кыргызстана Сауле Ашимова на региональном турнире в Канаде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Сауле Ашимова Канададагы Queen of Hearts Invitational 2016 турниринде

Ал эми гимнаст кыз мындай мелдештерге биринчи жолу катышып жатканын белгиледи.

"Бул категорияда менден улуу кыздар чыккандыктан аябай сарсанаа болдум. Бирок биринчи жолкусунда эле гимнастиканын төрт түрү боюнча тең жогорку упай алганыма чексиз кубанып турам", — деди Ашимова.

Ал — Кыргызстандын юниорлор арасындагы 2014 жана 2015-жылдардагы чемпиону, көркөм гимнастика боюнча курама команданын мүчөсү, Казакстан, Россия, Люксембург, Франция, АКШ жана Канадада өткөн эл аралык турнирлердин лауреаты.

Үй-бүлөсүнүн Канадада жашаганына карабастан, Ашимова кыргызстандык команданын машыгууларына катышып, эл аралык аренада Кыргызстандын атынан чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0