Тарыхта биринчи жолу качкындардын командасы Олимпиадага катышат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүРио-де-Жанейро шаары. Архив
Рио-де-Жанейро шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курама команда Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиада оюндарынын желеги менен чыгат. Топтун курамында 5-10 адам болору айтылууда.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Быйылкы жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндарга качкындардын курама командасы катыша турганын The New Times агенттиги билдирди.

Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах Афинадагы качкындар менен жолугушуу маалында айтып, Олимпиадага мигранттардын чакан тобу катыша турганын белгиледи.

"Биз дүйнө көңүлүн мигранттардын көйгөйүнө бургубуз келет", — деди Бах.

Качкындардын курама командасы Олимпиада желегинин алдында чыгат.

Басылманын билдирүүсү боюнча оюндарга катышуу үчүн 5-10 спортчу тартылат. Алар оюндар башталгыча тийиштүү текшерүүдөн өтүп, олимпиада айылында машыгат. 

Бах Олипияда жагылган Олимпиада оту Афиныдагы качкындар шаарчасын да басып өтүп, аны качкындардын бирине алып өтүүгө уруксат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0