Футзал боюнча КР чемпионатынын финалына катыша турчулар аныкталды

© пресс-служба ФФКР"Эмгек" - "Фарватер" футзал оюну учурунда. Архив
Эмгек - Фарватер футзал оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футзал боюнча суперлиганын финалдык бөлүгүнда алты команда чемпион болуу үчүн күч сынашат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Футзал боюнча КР чемпионатынын финалына катыша турчулар аныкталганын Футбол федерациясы билдирди.

Биринчи этаптагы өлкө чемпионаты аймактык эки лигадан турат.

Кыргызстандык Евгений Ваккер Азия чемпионатына катышуу үчүн Японияга жол алды
Финалдык раундга ар бир тайпадан үчтөн команда чыгат. "В" зонасында (түштүк аймак) "Ош Бажысы", "Динамо" (Жалал-Абад) жана Оштун "SRT" командалары чыкса, "А" зонасында борбор калаанын "Фарватер" жана "Мурас" (Ысык-Көл облусу) командалары бар.

Учурдагы чемпион "Эмгек" партиясы финалдык бөлүккө чыкпай кала жаздады. "Мурас" командасы менен болгон оюнда 11:4 эсебинде жеңишке жетип, 16 упай топтоду. Ошентип финалдык раундга чыкканга мүмкүнчүлүк алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0